Menu

Кыргызстанда дагы 470 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, илдеттен 5 адам каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-октябрга карата Кыргызстанда дагы 470 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 98, Ош шаарынан – 38, Чүй облусунан – 32, Ош облусунан – 97, Талас облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 17, Жалал-Абад облусунан – 98, Баткен облусунан – 82, Нарын облусунан – 1 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 51 490го жетти.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 221 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 45 509га жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 36 адам; Чүй облусунан – 23, Ош шаарынан – 6, Ош облусунан – 63, Жалал-Абад облусунан – 40, Баткен облусунан – 30, Ысык-Көл облусунан – 20, Талас облусунан – 3.

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 4 учуру: Ош облусунан – 3, Нарын облусунан – 1, Бишкек шаарынан – 1  катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны 1108ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: