Нарын облусунун Ат-Башы районунан барган Нагима Жыргалбек кызы “Дүйнө сулуусу” эл аралык конкурсунда Гран-прини жеңип алганын энеси Фарида Мамбетова билдирди.
Энесинин айтымында, конкурс Орусиянын Пенза шаарында өткөн. Ага Кытайдан, Египеттен, Тажикстандан, Судандан, Малиден, Кыргызстандан, Индиядан, Түркмөнстандан жана Индонезиядан келген кыздар катышкан. Нагима жеңишке жетишип, “Дүйнө бермети” деген жалпы орусиялык сулуулар конкурсуна жолдомо алды.
Азыр Нагима Пенза шаарында Белинский атындагы педогогикалык университеттин биохимия факультетинде бүджетте окуйт. 19996-жылы туулган. Казыбек айылында орто мектепти бүткөн. Атасы Жыргалбек Жусупов – жеке ишкер, апасы Фарида Мамбетова – мугалим.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ