Ырчылык, тамадалык, куудулдук өнөрү менен элге таанымал Жеңишбек Айтиев Ош шаардык соту тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен 4 жылга эркинен ажыратылды. Бирок, анын мурда кылмыш жообуна тартылбагандыгы эске алынып, ошондой эле амнистияга туура келгендигине байланыштуу, 1 жылдык мөөнөткө шарттуу соттолуу үй шартында эркиндикте кала берди. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык соту тастыктайт.
Эске сала кетсек, 2016-жылдын 21-октябрында ырчынын 12 жаштагы уулун белгисиз адам чак түштө бычактап өлтүрүп, кармалган кылмышкер ошол эле райондо жашаган 22 жаштагы тургуну болуп чыккан. Бул боюнча, кылмыш иши козголуп 2017-жылдын 24-январында Ош шаардык соту тарабынан кылмышкер өмүр бою эркинен ажыратылган. Ушул окуялардан кийин эки тарап ич ара араздашып, уулунун күйүтү менен жүргөн Жеңишбек Айтиев кылмышкердин атасына бычак менен тап берип, анын колуна залал келтирген.
Булак: Govori.TV
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ