Бишкекте, 9-августта Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү митингге чыгышып, 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоодо Дастан Бекешевди депутаттыкка талапкерлердин тизмесине киргизген партияга каршы добуш берүүгө чакырышты.
“Биз майыптар коомунун мүчөлөрү Дастан Бекешевдон үмүт кылып, эки чакырылышка депутат кылып шайладык. 10 жыл депутат болуп олтуруп Бекешов элге пайдалуу эч нерсе жасаган жок. Өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн гана иштеди. Эми аны кайсы партия депутаттыкка талапкерлердин тизмесине киргизсе биз ошол партияга каршы добуш беребиз, башкаларды да ошого чакырабыз”, – дейт коомдун активисттери.
Эсиңиздерге сала кетсек, Дастан Бекешев 2010-жылы “Ар-намыс” партиясынын, 2015-жылы КСДПнын партиялык тизмеси менен депутаттыкка шайланган.
Видео Алтынай Арстанбекованыкы
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ