Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго тиешелүү бир катар ММК булактарында жарыяланган маалыматтардын негизинде, “Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча кылмыш ишинин сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзгөн. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Териштирүүнүн жыйынтыгында, аткаминердин чет элдик атайын кызматтарына тиешеси жок деп табылгандыгы айтылат.
Эске салсак, буга чейин тажик ММК булактарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков коңшу мамлекеттин чалгын кызматкери экендиги жөнүндө маалымат жарыяланган. Аткаминер эки өлкөнүн чек арадагы жаңжалы боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөгү кыргыз делегациясын жетектеген. Андан соң депутаттар жарыяланган материалдарды текшерүүнү талап кылышкан.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ