Menu

Видео – Казакстан батышындагы Ойыл өзөнүндө беш миң тоннадай балык кырылды

Бөлүшүү:

Казакстан Энергетика министрлиги Ойыл өзөнүнөн беш тоннадай өлүү балык табылганын кабарлады. Айыл чарба министрлигинин адистери суунун үстүндө кычкылтыктин жетишсиздигинен балыктар кырылган деп божомолдошууда.

Казакстан энергетика министрлиги өндүрүш факторлору суунун сапатына таасирин тигизбей турганын билдирди. Себеби Ойыл өзөнү Каспий деңизи менен Урал дарыясынан алыс жайгашкан.

Энергетика министригинин алдын ала маалыматы боюнча өзөндүн Атырау облусунун кесип өткөн тилкесинде беш миңдей балык өлгөн. Окуя болгон жерге адистерден турган атайын комиссия жөнөп кетти. Текшерүү үчүн балык менен суунун курамынан үлгү алынды.

Жергиликтүү аткаруу бийлиги жашоочулардын жардамы менен кырылган балыктарды чогултуу иштерин жүргүзүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: