Menu

Жолдош Орозов, коомдук ишмер: “Байдын үйүндө күндө күлкү күндө той, кедейдин үйүндө күндө кайгы күндө ой”

Бөлүшүү:

-Президент Атамбаевдин көл жээгиндеги басма сөз жыйыны бир тараптуу гана болду деген сөздөргө кошула аласызбы? Анын жүрүшүндө КТРК жетекчиси Илим Карыпбековдун  кошоматчылыктын жогорку үлгүсүн көрсөтүп сөз сүйлөгөнү мындай форматтагы пикир алышууга туура келеби? “Кошоматчылыгын ансыз деле КТРК аркылуу көрсөтүп жатат, ошол жакта эле  уланта бербейт беле”,- деген кеп туура эле айтылып жатабы?

-Эми Президенттин айткан сөздөрү кыргыз элине жаңылык деле эмес, буга чейин эле элдин оозун ачырган бир канча форматтагы сөздөр айтылганын билебиз. Бирок, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жөнүндө айткан сөздөрүндө жана Бабанов боюнча айтылган сөздөрүнүн артында кандайдыр бир үрөөн жаткандай. Демек, көптөгөн түйүндүү жаңылыктар дагы алдыда десек  жаңылышпачудайбыз.

Албетте, басма сөз жыйыны бир тараптуу болду жана болуп эле келе жатпайбы. Ал жерге оппозициялык маанайдагы ММК киргизилбейт да. Ал эми кошоматчылыктын жогорку үлгүсүн Илим Карыпбеков эле көрсөткөн жок, андан да ашып түшкөн сценарий түзгөн шылуундар “бөрк ал десе баш алышып”, “аюунун терисин кийгизип”, жагымдуу кызмат кылып жатышпайбы. Кыргыз Республикасы мыйзам чегинде өнүккөн дегеле мамлекет катары толук кандуу жашап  жатабызбы?…. көпчүлүк элди ушул суроо түйшөлтүүдө. Соттордун, прокурорлордун, МВД,  коопсуздук кызматтарынын акыйкатсыздыгы баарыбызды ойлонтуп онтотуп турган чагы. Бир сөз менен айтканда “Байдын үйүндө күндө күлкү күндө той, кедейдин үйүндө күндө кайгы күндө ой” заманда жашап жатабыз.

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: