Menu

Тендер чыры боюнча суракка чакырылган журналист УКМКдан сегиз сааттан кийин кое берилди

Бөлүшүү:

КЛООПтун журналисти Анна Капушенко 1-апрель күнү саат 9:30да адвокаты менен кошо Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирген. Ошол боюнча журналист кечке жуук, саат 19дар чамасында коё берилди.

КЛООПтун башкы редактору Элдияр Арыкбаев «Азаттыкка» журналисттин узак кармалышы УКМКда сурактын кеч башталышы менен байланыштуу болгонун билдирди:

– Мендеги маалымат боюнча, ага эч кандай күнөө коюлбаптыр, күбө катары чакырылган. Биз аны менен жолугуп, ал эмнени айта алса ошону сүйлөшүп, анан гана маалымат бере алабыз. Анткени ал суракта болгон сөздү ачыкка чыгарбоо боюнча макулдашууга кол коюптур. Сурак кечирээк башталыптыр, ортодо тыныгууларды эске алганда узакка созулуп кетти.

Арыкбаевдин маалыматы боюнча, Анна Капушенко суракка тендер чырларын иликтеген комиссиянын мүчөсү катары чакырылган. Бул анын КЛООПтун редакторлугуна тиешеси жок.

1-апрель күнү таңында Анна Капушенконун батиринде УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүзүшкөн. Медианын маалыматы боюнча, тинтүү адвокаттын катышуусуз өткөрүлгөн. Тинтүү учурунда коопсуздук кызматкерлери журналисттин ноутбугу менен телефонун алып коюшкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: