КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Фергана шаарында (Өзбекстан Республикасы) КРнын Өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин үчүнчү жыйынына катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Кеңешмеге кыргыз тараптан КРнын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, КРнын Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Абсаттар Сыргабаев, Жаныбек Жалалов жана Жарасул Абдураимов, ошондой эле КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев жана КРнын Экономика министринин орун басары Султан Ахматов катышты.
Жыйын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, чек ара көйгөйлөрү жана эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин мындан ары активдештирүү маселелери талкууланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ