Menu

Улукбек Ормонов быйыл да атасынын элесине арнап, мелдеш өткөздү…

Бөлүшүү:

Кыргыз саясатынын көч башында бараткан саясатчылар Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков экс-башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев, депутат Курманкул Зулушев Өзгөн шаарынын стадионунда өткөн мелдешке катышышты. Бул мелдеш 15 жылдан бери жыл сайын өтүп, салтка айланып калган. Мелдеш Өзгөндүн ардактуу эмгек ардагери Зулпукар Ормоновдун элесине багышталган.

Конок катары барган Ташиев, Келдибеков, Сатыбалдиевдер көпчүлүктүн алдында сөз сүйлөштү. Алар жергебизди ар кандай жаратылыш кырсыктары эмес, ушундай көңүлдүү маанайдагы иш-чаралар ээлеп, элибиз тынчтыкта, бакубатчылыкта жашашын каалашты.

Жогоруда айтылгандай, жыл сайын өткөрүлгөн бул спорттук иш чара аймактагы жаштардын спортко болгон кызыгуусун жогорулатканы байкалды. Спорт бар жерде чың ден соолук, сергек жашоо орун алаары белгилүү эмеспи. Андыктан, жакшы саамалыкты баштап, үзбөй улантып келаткан Улукбек Ормоновго ыраазычылык.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: