Өзбекстандын мамлекеттик телеканалынын 30-июлда чыккан берүүсүндө алгач ирет маркум президент Ислам Каримовдун саясаты сынга алынды. “Таҳлилнома” көрсөтүүсүндө “Каримов аймактагы лидерлик үчүн коңшу өлкөлөр менен атаандашып, күчтүү экенин далилдегиси келген” деп айтылды.
Маалымат-аналитикалык берүүдө өлкөнүн экономикасынан тарта социалдык, диний жана айыл чарбадагы абалы талдоого алынды. Көрсөтүүнүн катышуучулары Ислам Каримовдун тушунда кетирилген кемчиликтерди сынга алышты.
Талдоочулар мурунку президент кетирген алешемдиктерди учурда Мирзиёев чечип жатканын айтышты. Берүүдө Ислам Каримовдун ысымы бир дагы жолу аталган жок, бирок анын саясатын дээрлик “ташбараңга” алышты.
Алып баруучу Мирзиёев бийликке келгенде эле коңшуларга үстөмдүк кылбай, ишенимге негизделген достук мамилени чыңдап, көптөн бери топтолуп калган маселелерди, өзгөчө чек ара жаңжалдарын жакшы сөз жана тынымсыз иши менен чечип келе жатканын айтты.
Каримовдун тушунда жана ал өлгөндөн кийинки бир жылдан бери маркум президенттин саясаты сынга алынган эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ