“Азыркыдай кырдаалда адамдардын көңүлү назик болот. Аны түшүнүү менен кабыл алам. Бирок Өмүрбек Чиркешович тууралуу менин позициям ошол кездеги командамдын ичинде ар дайым белгилүү болчу. Ал учурда Текебаевдин өзүнүн командасынын айрым мүчөлөрү качып калган“, – деп жооп кайтарды КСДПчы Чыныбай Турсунбеков Текебаевдин 2 күн мурунку Базар-Коргондогу сынына “Азаттык” радиосу аркылуу.
“Мен ошон үчүн өз партиялаштарым менен жаман-жакшы көрүнүп, мени Текебаевге жабыштырган сөздөр болгон. «Чыныбай Чиркешович» деп каймана ат коюу да бекеринен келип чыккан эмес. Текебаев абакка түшкөн соң анын туугандары, жакындарына болгон кысым учурунда аларды коргойм деп жаман-жакшы көрүнгөндү ал жакшы билсе керек. Болгону ошол кезде муну ачык айтып чыккан эмесмин, анткени ал популизм болуп калмак”, – деди Турсунбеков.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2-сентябрда Өмүрбек Текебаев Базар-Коргондо жердештери менен жолугуп жатып: ““2016-жылы Атамбаев менен чабышып жатканыбызда эле белгилүү болуп калган, эптеп бир шылтоо таап, бизди камасак дегени. Мага, Алманбетке, Аидага Белизгейт деген ишти токуп, олтургузабыз деп калганда мен трибунадан сөз сүйлөп, депутаттардын көзүнө карап: “Эй Иса, чоогу болбодук беле? Эй Чыныбай, дос эмес белек? Адилет бир сөзүңөрдү айтып коёр бекенсиңер деген ниетте “биз сынбайлык, Конституция сынбасын” деп, айтканым менен иш жүзүндө “колдоп койгулачы туугандар” деп ушинтип сурап турдум да. Азыр аны Ютубдан да көрсөңөр болот. Бирөө да былк этпеди да. “Туура эмес болуп атат” депчи”, – деп билдирген.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ