Menu

Премьер-министр Сапар Исаков «Манас» аэропортунда күтүүсүз рейд өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 4-октябрда,  аэропорттун ишмердүүлүгүнө көптөгөн жарандардын нааразылыктарынан улам, «Манас» Эл  аралык аэропортуна күтүүсүздөн барып рейд өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Текшерүү маалында Өкмөт башчы жүргүнчүлөр кирүүчү жана чыгуучу залга, аэропорттун жүктөр бөлүмүнө барып, ал жердеги жүргүнчүлөр менен баарлашты. Сапар Исаков чек ара текшерүү пунктунан өтүүчү жердеги жана бажы текшерүү бөлүгүндөгү «кызыл» коридордо кезек күтүүлөр болгонун көрдү.

«Биздин жарандардын жана келген коноктордун арыздануулары толук негиздүү. ЖМК да бир нече жолу аэропорттогу тейлөө шарттарынын жетишсиздиги тууралуу жазып чыккан. Чек ара жана бажы кызматтары менен аэропорттун жетекчилиги тез арада азыркы көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүнөн ыкчам чараларды көрүшү керек», – деди Премьер-министр рейд учурунда.

«Тиешелүү кызматтар чоң кезек күтүүлөр боюнча гана көйгөйдү чечпестен жүргунчүлөргө сылык мамиле жасоо этикетин да эске алышы керек. Аны менен бирге кызматтарда иштеген адистер англис тили дүйнөлүк тил экенин эске алуу менен, тез арада англис тилин үйрөнүшү керек. Аэропорт «Манас» – өлкөнүн негизги аба дарбазасы. Биздин өлкөгө учуп келген жана кеткен ар бир жаран өзүн ыңгайлуу сезиши керек. Тейлөө, тиешелүү кызматтардын жүргүнчүлөргө жасаган мамилеси, алардын ишмердүүлүгүнүн жогорку деңгээли боюнча биринчи жана акыркы көз караштар дал ушул аэропорттон түптөлөт», – деди Сапар Исаков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: