Menu

Видео – Тоо-кен тармагын кайра калыбына келтирүү мүмкүнбү?

Бөлүшүү:

Тоо-кен өндүрүшчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, академик Орозбек Дүйшеев менен анын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков онлайн түрүндө журналисттерге маалымат берип, бүткүл тоо-кен тармагынан мамлекет жылына 13 гана миллиард сом пайда табат деп билдирди. Чындыгында болсо бул тармак өтө кирешелүү болууга тийиш эле.

«Биз 2009-жылы кендердин 20 түрү боюнча жакшы жана дыкат анализ жасаганбыз. Кендин ошол 20 гана түрү боюнча мындай болуп чыкты – ал кендерди туура пайдаланып, туура иштетсе, 84 миллиард доллар пайда болот деген. Доллар, сом эмес. А силер баарыңар жакшы билесиңер, азырку күнү кен тармагынан мамлекеттик бюджетке жылына 13 миллиард сом гана түшөт», – деп билдирди Дүйшөнбек Камчыбеков.

Бул 13 миллиард сом, негизинен, Кумтөрдөн түшөт, валютага которгондо – 150 млн доллардын тегерегинде. Бирок окумуштуулар – 84 млрд доллар жөнүндө айтууда, 13 млрд сом анын 0,18 гана пайызы. Биз – өлкөбүз гидромүмкүнчүлүктөрүнүн болгону 10 гана пайызын пайдаланат дейбиз, а бул жерде 0,18%. Кумтөрдү өзүнчө талкуулаш керек, башка кендерди алсак, мисалга, Макмал кудуретсиз болуп отурат. Алтын кантип кудуретсиз болсун?

«Мен өзүм атайын Зилалиевге бардым, ар башка премьерлерге баргам, Кылдоо кенине лицензия алып, Макмалды сактал калалы деп. «Кыргызалтын» дагы өсмөк, Кылдоону алыш үчүн ким менен гана жолуккан жокмун. Мамлекеттик компаниянын бир да кенге лицензиясы жок болсо, ал кантип иштейт? А кийин Залалиевдин үйү тинтилгенде, анын өзүнүн атына жана башка адамдарга катталган 17 лицензия чыгып атпайбы. Ошого күйүп кетесиң да», – дейт Жогорку кеңештин мурдагы депутаты, Чүй облусунун экс-губернатору Сагынбек Абдрахманов.

“Мамлекет өзүнүн мамлекеттик өндүрүшүнө ушундай мамиле кылган. Күмтөрдөн кийинки экинчи кен – Жерүйдүн айланасында да акылга сыйбаган нерселер болуп жатат. 2015-жылы Жерүй «Восток-геолдобыча» деген орусиялык компанияга 100 миллион долларга сатылган. Лицензия эмес, кен өзү лицензиясы менен кошо сатылган, Кыргызстандын азыр Жерүйдө эч кандай үлүшү жок, демек, андан чыккан бир да грамм алтынга ээ боло албайт.

«Бир кенди толугу менен 100 млн долларга сатып жиберишти. Жерүйдүн чыныгы баасы – 3 млрд 256 млн доллар. Ал жерде такталган 80 тонна алтын бар, тактала элек дагы 20 тонна. Биз болсо 100 тонна алтынды болгону 100 миллион долларга башкаларга кармата бердик», – дейт Абдрахманов.

2015-жылы Сагынбек Абдрахманов «Кыргызалтындын» вице-президенти болчу жана концерн Жерүйдү алууга аракеттенип, «Восток-геолдобычадан» 11 млн доллар көп сунуштап, кийин чыккан алтындын 50 пайызы мамлекетке калат деп убадалаган, бирок кыргыз өкмөтү кыргыз компаниясын эмес, чет өлкөлүк сунушту тандаган. Эгер «Кыргызалтын» Жерүйдү алганда, бүткүл экономиканы өзү сүрөп кетмек дейт Абдрахманов.

«Жерүй, биринчиден, жакшы изилденген. Экинчиден, аны иштетүү өтө оңой жана ыңгайлуу. Ошондуктан «Кыргызалтын» аны алууга аракеттенип, конкурска катышкан. Эгерде биз Жерүйдү алганда, Орусияда «Газпром» кандай болсо, Кыргызстанда «Кыргызалтын» ошондой болууга мүмкүнчүлүк алмак».

Бул мисал – улуттук кызыкчылыкты кантип коргобош керек дегендин далили. Өз компанияң кымбатыраак алам деп атса жана чыккан алтындын жарымын берип атса, өкмөт – бир грамм алтын бербей турган чет өлкөлүк фирманы тандаган. Чечимди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев жана ошол күндөрү жаңы эле премьер болгон Темир Сариевдер кабыл алдырган. Ушундай чечимдерден улам тоо-кен тармагы 30 жылдан бери өнүгө албай келатат.

«Советтик мезгилде кен өндүрүшү боюнча Кыргызстан СССРдин 15 жумурияты арасында үчүнчү-төртүнчү орунда болчу, биз Өзбекстан жана Казакстан менен атаандашчубуз. Бирок эгемендик жылдарында өтө төмөн түшүп кеттик. Монголия бизден бир топ артта болчу, азыр – алдыда. Африканын Гана, Танзания, Мали, Замбия деген мамлекеттери деги эле кен өндүрүшүндө байкалчу эмес, азыр алар Кыргызстандан алда канча алдыда», – деп кайгырат Сагынбек Абдрахманов.

Орозбек Дүйшеев менен Дүйшөнбек Камчыбековдор болсо бүгүн – мыйзамдарды кайра жазыш керек дейт.  Мамлекеттик байлыкка мамлекет тарабынан ушундай мамиле болуп жатса, эч кандай мыйзам эч нерсени оңдой албайт ко.

Булак: “5-канал”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: