Menu

NYT: Мюллер Трамптын жоопторун жазуу түрүндө кабыл алууга даяр

Бөлүшүү:

Орусиянын АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтеп жаткан атайын прокурору Роберт Мюллер Дональд Трампка берилген суроолордун жоопторун жазуу түрүндө кабыл алууга даяр. Бул тууралуу The New York Times гезити прокурор тарабынан Трамптын адвокаттарына жөнөтүлгөн каттын мазмуну менен тааныш өз булактарына таянып жазды.

Ошол эле маалда Мюллер Трамптын бул иликтөөнүн алкагындагы сот адилеттигине ыктымал тоскоолдук кылуу аракеттери тууралуу жоопторду жазуу түрүндө талап кылбайт.

ЖМКлардын маалыматына караганда, Роберт Мюллер акыркы сегиз айдан бери Дональд Трамп менен жолугушуу ыктымалдыгы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Трамп дагы атайын прокурордун суроолоруна жооп берүү каалоосун билдирген. Бирок президенттин адвокаттары буга каршы болуп келишкен.

Апрелдин аягында The New York Times Мюллер Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсү боюнча Трамптын адвокаттарына 40 суроо бергенин жазган. Анда Трамп Мюллердин президентке бере турган суроолор тизмесинин маалымат каражатына чыгып кетишин уят деп атаган.

АКШда Орусиянын 2016-жылдагы америкалык шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Мюллер анда Трамптын атаандашы Хиллари Клинтондун позициясын төмөндөтүү үчүн Трамптын штабы менен Кремлдин ортосунда сөз байлашуу болгон-болбогонун териштирүүдө. Москва АКШдагы шайлоого кийлигишкендиги тууралуу маалыматтарды четке кагып келет. Трамп дагы Мюллердин тергөө иштерин 2016-жылкы президенттик шайлоодо жеңилип калган Демократиялык партиянын өч алуу аракети деп атаган.

Буга чейин кабарлангандай, Мюллер былтыр май айында баштаган тергөө иштерин быйыл күзүндө аякташы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: