Menu

«Өнүгүү-Прогресс»: Электроавтобустар дизелдик транспортко салыштырмалуу өз чыгымын бат актайт

Бөлүшүү:

«Шаардын коомдук унаалар башкармалыгын реформалоо көп чыгымды талап кылгандыктан, бул маселеге мыкты негизделген экономикалык платформа менен келүү шартка ылайык», – деген оюн билдирди Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Манас Белошаров.

Талапкердин ою боюнча, лизингдин негизинде 100% электр менен иштеген электроавтобустарды алып келүүнү сунуш кылат.

Учурда Европанын бардык ири шаарлары электроавтобустарга өтүүдө. Ал жакта электроавтобустар эле эмес, электротаксилер дагы иштей баштады. Мындай коомдук унаа көпчүлүк параметрлери боюнча дизелдик автобустарга салыштырмалуу пайдалуу.

Биринчиден, алардын дабышы аз, экологиялык таза, бир кубаттануудан электроавтобус 250 км жүрө алат, ал эми кубаттануу кадимки розеткалардан эле 6-8 саат аралыгында жүргүзүлөт.

Экинчиден, электр энергиясын коротуу моделдерине жараша 500 кВтсаатына, бул болсо 3 литр бензиндин баасына барабар. Электроавтобустар өз чыгымын 5 жылдын аралыгында актай алат, ал эми дизелдик автобустар 15-20 жыл аралыгында өз чыгымын акташат.

«Электроавтобустарды чыгарган заводдор  3 жыл кепилдик  (100 миң  км жүрүүгө) берет. Мындай заводдорЕвропада, АКШда,  Кытайда жана жакынкы Россияда дагы бар. Россиянын  КамАЗ заводу электроавтобустардын жаңы түрлөрүн чыгара баштады. Бизде электр энергиясы арзан, андыктан жаңы типтеги автобустарды алып келүү, коомдук унааларга жол киренин көтөрүлбөшү сыяктуу маселелерди дагы чечет”, – деп белгилейт М.Белошаров.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: