Menu

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарат. Бул тууралуу Нариман Түлеев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

Анын пикиринде, бул учурда борбор калаанын мэриясы үчүн жакшы вариант.

Ал дүйшөмбүдө шаарда болорун жана расмий түрдө кызматтан кетерин билдирди.

“Бул күндөр оор болду, бирок шаардыктардан ушунчалык колдоону, жакшы сөздөрдү, сергектикти жана жакшы маанайды алгандыктан, шаардык кеңешке шайлоого “Ак-бата” партиясы менен катышам деп олуттуу ойлонуп жатам. ЖК шайлоого да катышып калышым мүмкүн” – дейт ал.

“Мен баардык жарандарды шайлоо процесстерине активдүү катышууга, четте калбоого чакырам, сиз өзүңүз шайлаган депутаттар аркылуу гана өз шаарыңыздын жана өлкөңүздүн өнүгүшүнө таасир эте аласыз. Эгерде биздин партия ийгиликке жетсе, анда мен мыйзамдуу жол менен чыныгы элдик мэр болууга даярмын” – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: