Menu

Беларуста Tut.by сайтына үч айга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Беларуста көз карандысыз Tut.by жаңылык сайты бийлик үч айга тыюу салганын жазып чыкты. Маалыматка караганда, Беларустун Маалымат министрлиги сайтты 1-октябрдан тартып үч айга маалымат каражаты деген макамдан ажыраткан.

Tyt.by маалымат каражаты деген макамы жок деле интернет-ресурс катар ишмердигин уланта берерин жарыялады. Бирок бул сайттын кабарчылары, сүрөтчүлөрү үчүн жаңы чектөөлөргө негиз болушу мүмкүн.

Бул маалыматты Беларустун расмий бийлиги азырынча ырастай элек.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин саясий кризис тереңдеп баратат. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко акыркы шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялаганы менен, беларус оппозициясы анын жыйынтыгын таануудан баш тарткан. Шайлоодо Лукашенконун негизги атаандашы болгон 37 жаштагы Светлана Тихановская шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ушул тапта Литвада жашап жаткан оппозициячыл саясатчы эл аралык коомчулукту шайлоону тааныбоого чакырып келет. Европарламенттин жетекчилиги Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын өткөн аптада жарыялаган.

29-сентябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон Литвада Тихановская менен жолугуп, Беларустагы саясий кризисти жөнгө салуу үчүн аракет көрөрүн билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: