Menu

Салык кызматы: “Кока-Кола” компаниясы салыктан бошотулган эмес”

Бөлүшүү:

10-май күнү чыккан «Де-факто» гезитинин өткөн №18 (418) чыгарылышына жарыяланган «Кока-Кола» компаниясын салыктан бошоткон Теңизбек Абжапаров үн катпайбы?» аттуу маалымат чындыкка дал келбестигин Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы: Мыйзамдын негизинде Теңизбек Абжапаровдун Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы катары ишканаларды салыктан бошотууга же кандайдыр бир жеңилдиктерди берүүгө ыйгарым укугу жок.

Кыргызстанда фискалдык саясат менен Экономика министрлиги алектенет, Салык кызматы болсо – аткаруучу орган болуп саналат. Башкача айтканда, Салык кызматы салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана башка төлөмдөрдүн жыйналышын камсыз кылат, салык мыйзамынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарынын сакталышын контролдойт.

Ал эми салык төлөөчүлөрдү салыктан бошотууну же кандайдыр бир салыктык жеңилдиктерди берүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева «Кока-Кола» компаниясын салыктан бошотулгандыгы тууралуу кеп кылган эмес. Ал Жогорку Кеңиштин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда ири компанияларды, анын ичинде «Кока-Коланы» камсыздандыруу төгүмдөрүнүн финансылык санкциялары жана туумдары эмне үчүн кечирилип жаткандыгын көтөргөн. Депутаттын суроосуна камсыздандыруу төгүмдөрү саясатын жүргүзүүчү орган болуп саналган Социалдык фонду жооп берген.

Кошумчалай кетсек, учурда «Кока-Кола» компаниясы мыйзамда белгиленген бардык салыктарды төлөйт жана бул компанияга салыктык жеңилдиктер каралган эмес.

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: