Бүгүн, 16-январь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев шайлоо босогосунун маселесин чечиш керектигин айтты.
“2020-жылдын октябрь айында өтө турган шайлоо босогосун кээ бирөө 5%, дагы бири 3% деп жатышат. Биздин фракция 7% макул болуп жатат” – деп билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо босого чек 5%, ал эми соңку 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо 7% болгон. Учурда шайлоо босогосу – 9% .
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ