Menu

Канат Исаев мэр кезинде кол алдындагыларды кыйнап кол койдурчу беле?

Бөлүшүү:

14-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Токмок шаарынын экс-мэри, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот процессиуланды. Анда Токмок мэриясынын уюштуруу иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Алмаз Чорчонов күбө катары көрсөтмө берди.

Исаевге карата Токмок шаарын жетектеп турган кезинде мамлекеттик объектилерди мыйзамсыз менчиктештиргени жана шаардык автостанцияны курууга мыйзамсыз тендер өткөргөнү боюнча кылмыш иши козголгон. Алмаз Чорчонов: «Мен уюштуруу бөлүмүндө иштегем. Менин функционалдык милдеттериме тендер боюнча иштер кирген эмес. Мен бир нече токтомдорго кол койгом. Мен аларга мэрдин тапшырмасы менен кол койгом» деген көрсөтмө берди.

Мамлекеттик айыптоочу ага: «Эгерде сиз документтерге кол койбосоңуз, эмне болот эле?» деген суроону узатты. «Мен ага баш ийчүмүн. Мен кол коюуга же койбой коюуга укугум бар болчу. Эгерде мен кол койбосом, мени жумуштан бошотмок. Андыктан мен кол койгом», – деген жоопту берди күбө.

Мына ушундан эле Канат Кедейканович өзүнүн кызматтык абалынан да кыянаттык менен пайдаланып келгенин билсек болот. Өзү мыйзамсыз менчиктештирүүлөрдү, тендер өткөрүүлөрдү жасап атканы аз келгенсип, ага кол алдындагы кызматкерлерди да мажбурлап аралаштырганы өзүнчө кылмыш болуп саналат эмеспи?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: