Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу анын адвокаты журналисттерге билдирди.
Адвокат алдын ала эч нерсе айталбасын билдирди, тагырагы, тергөө процедуралары аяктаганга чейин эч кандай түшүндүрмө бере албастыгын айтты.
Эске сала кетсек, Жаныбек Бакчиев сегиз жыл мурун Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген, андан 2011-жылы кеткен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ