Сапар Исаков
Тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ат майданды калыбына келтирүү боюнча иш Биринчи май райондук сотунда каралып баштады.
Соттук отурумдун башында судья Марат Сыдыков айыпталуучу Сапар Исаков конвойдук бөлмөдөн чыгуудан баш тартып жатканын билдирди.
Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучунун соттук процесске милдеттүү түрдө катышуусу керектигин айтып, мурунку өкмөт башчыны алып келүүнү суранды.
Сапар Исаковдун жактоочуларына айыпталуучунун келбеген себебин аныктоого убакыт беришти.
Эске салсак, 10-декабрда Сапар Исаков сотко катышуудан баш тарткан. Ал мындай кадамга барган себебин, ЖЭБ боюнча Свердлов райондук сотунун маанисиз өкүмүнө байланыштырды.
Белгилей кетсек, музейди оңдоодо мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ