Menu

Парламент Садыр Жапаров тууралуу санаа тартпайт!

Бөлүшүү:

Кечээ, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун маселесин кароону күн тартибине киргизүү боюнча “Атамекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары сунуш киргизип, бирок колдоо тапкан жок. Айталы, депутаттар Алмамбет Шыкмаматов менен Бакыт Төрөбаев  экс-депутаттын   №1 тергөө абагына камалганы туура эмес болгонун, УКМКнын Убактылуу кармоочу жайына которуу керектигин айтышып, ошондой эле жакындары жолугуша албай жатканы жарандык укугуна доо кетирээрин белгилешти.

Ал арада парламенттеги укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрага орунбасары Искендер Матраимов бул жаатта комитет иштеп жатканын, жакын арада жыйынтыгы сунушталаарын билдирди. Ага улай эле төрага Чыныбай Турсунбеков бул жаатта тийиштүү комитет иштеп жатканын айтып, анын жыйынтыгы менен гана жалпы жыйында каралаарын билдирди. Кыскасы, эл ишенген эл өкүлдөрүнүн Садыр Жапаровго болгон мыйзамсыз аракеттерге кийлигишпей тураары белгилүү болду…

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: