Бишкектеги “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын каражатына курулган мектептин мурунку директору Азамат Дикамбаев кызмат ордунда калды. Мындай чечимди мектептин Байкоочу кеңеши бүгүн, 15-декабрда чыгарды. Бул тууралуу ата-энелердин бири билдирди.
Эске сала кетсек, 13-декабрда аталган мектептин директору алмашканын, жаңы директор болуп Валентина Лисниченко келгени маалым болгон. Кечээ, 14-декабрда андай чечимге нааразы болгон мектептин окуучулары менен ата-энелер мектептин алдына митингге чыгып, мурунку директор Азамат Дикамбаевди ордуна алып келүүнү талап кылышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ