Menu

Расмий президенттик кызматка киришкен Зеленский өлкө парламентин тарката турганын билдирди

Бөлүшүү:

Владимир Зеленский бүгүн Жогорку Раданын салтанаттуу жыйынында Украинанын президенти катары ант берди. Андан соң Мариинск паркына барып, Украинанын куралдуу күчтөрүн кабыл алуу жана мамлекеттик тууну көтөрүү салтанатына катышты.

Салтанаттуу иш-чарага Латвия, Литва, Эстония, Грузия жана Венгриянын президенттери катышты. АКШнын делегациясын өлкөнүн энергетика министри Рик Перри баштап келди. Зеленскийдин инаугурациясына Виктор Януковичтен башка өлкөнүн бардык мурдагы президенттери чакырылган. Орусиянын өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтүлгөн эмес.

Рададагы сөзүндө Зеленский Украина парламентинин азыркы курамын тарката турганын билдирди.

41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петр Порошенкону жеңип чыккан. Ал жалпы добуштардын 73,22 пайызын, атаандашы 24,45 пайызын алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: