Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбеков абактагы саясатчы Алмаз Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаевдин үйүнө барып, ал менен баарлашты.
Алгач Сеид Атамбаев уулдарынын жеңиштери жана ийгиликтери менен бөлүштү. Ошондой эле Сеид Атамбаев атасы жөнүндө кептер ага катуу тийерин белгилеп өттү.
“Атам жөнүндө кептер мага өзгөчө катуу тийет. 1990-жылдары ал жаңы депутат болуп жатканда “үй-бүлөсүн таштап кетти” деген кептер болгон. Саясатка үй-бүлөнү негизинен аралаштыруунун кереги жок”.
Азыркы болуп жаткан кыйынчылыкты ал сыноо катары кабыл алууда.
“Башыбызга оор жүк түшкөндө атам менен кеңешип, бир чечимге келчүбүз. Азыр абакта отурганына байланыштуу, мен чоң жоопкерчиликти алдым. Атам элди, өлкөнү ойлогон адам болду”.
Андан кийин алып баруучу Айтбекова экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев менен баарлашты.
“Жакынкы арада кандай пландар бар экенин өзүңүздөр күбө болосуздар. Сеид агам абдан түшүнүктүү адамдардын бири. Ал менен суктанса болот”, – деп билдирди Кадыр Атамбаев.
Баарлашуунун соңунда Сеид Атамбаев атасы абакта отурса дагы жалгыз эмес экенин айтып, “Атамбаев” – деген ысым эч качан өчпөйт экенин белгилеп өттү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ