Menu

Израиль Сирия менен Ирактагы иран аскер объектилерине чабуул жасоосу мүмкүн

Бөлүшүү:

Израилдин коргоо министри Авигдор Либерман өлкө Сирияда гана эмес, Ирактагы иран аскер объектилерине  да чабуул жасоого даяр экенин билдирди. Либерман Иерусалимде маалымат жыйынын өткөрүп, Тегеран ирак шииттерине баллистикалык ракеталарды бергенин, бул Израилге коркунуч жаратарын айтты.

2-сентябрда Дамасктын четинде жардыруу болгон. Айрым ММКлардын маалыматы боюнча жардыруу Израиль авиациясынын кезектеги чабуулунун кесепетинен чыккан.

Ушул эле күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ мамлекеттик катчысынын атайын өкүлү Жеймс Жеффри менен жолуккан. Тараптар Иранга каршы аракеттенүү маселелерин жана Сириядагы абалды такуулашты.

Бул арада АКШ президенти Дональд Трамптын өкүлдөрү – Жейсон Гринблатт менен Жаред Кушнер Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббаска Иордания менен конфедерация түзүүнү сунушташты. Аббас эгер жаңы биримдикке Израиль кирсе, бул идеаны колдой турганын айтты.

Израиль авиациясы акыркы жылдары ырааттуу түрдө Сириядагы Иран аскер объектилерин бомбалап келет. Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү алардын максаты – террористтерге курал жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратуу жана Иран аскерлеринин Сирияда бекем жайгашуусуна жол бербөө экенин белгилеген. Өткөн аптада Нетаньяху Иран менен Сирия ортосундагы коргонуу келишимине карабай, Тегеранга каршы турууну улантууга убада берген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: