Menu

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Соке Акаевдей Швейцариясын айтып лапша илип чыйылдап, Бакиевдей Анжиян полькасын бийлеп, АШАга окшоп Манасты орус кылып интермедия ойногон жок!”

Бөлүшүү:

— Ассалоом алейкум Сабыр байке! Куш келипсиз. Сиздин отпускеңиз жай бою болду го. Кандай эс алдыңыз? Ага-тууган, айыл-апа, элеттеги эл-журт аманбы, ал-ахывалдары кандай экен? Кеп сала отуруңуз.

— Жакшы, жакшы… Эки айча кичи мекеним, киндик каным тамган Тоң жергесинде, ой-тоосунда, байланыш жок кокту-колотторунда жүрдүм. Башка жагын айтпай эле коёюн, Ысык-Көлдүн тескейиндеги эл, Кудайга шүкүр, токчулуктун заманын сүрүп калыптыр. Анын үстүнө биз барган убак “Сары кыздын майрамына” (абрикос сатуу сезонуна) туш келип, күндө майрам, күндө той… Абрикос быйыл аябай арзан болду. Бирок, элдин турмушу абрикостон деле көз каранды болбой, токчулук орноп келе жатыптыр. Кай үйгө кирбе жайыл дасторкон, баштагыдай эт, нан, сары май эле эмес, европалык даамдар, түркүн-түркүн жаңы салаттар… Райондун борбору Бөкөнбаев айылына барсаңыз машиненин тыгыны Бишкектегиден өтөт…

Алмустактан бери элибиздин бардар жашоосу, дарамети, б.а. “алтын доору” деген түшүнүгү тикеден тике ат-көөлүгүнө жараша бааланган. “Ат адамдын канаты”- деп бекеринен айтылган эмес. Көчмөн болгондон кийин көчүп жүрөсүң да? Анан ат-көөлүгүң (транспортуң) жок болсо кантип көчөсүң? Анын сыңарындай,  Кудайга шүгүр, азыр ар бир үйдө экиден, үчтөн машине турат. Азыр агросектордун өнүмдөрүн кайра иштетүү аракеттерин күчөтсөк элибиз май-көл, сүт-көл дооруна өтөөрүнө эч күмөн жок. Өкмөт башчы Мухамедкалый Абулгазиев биринчи кезекте, ушу, кайра иштетүү, туризм, жеңил өнөр жай багытына көңүл бөлүүсү кажет. Тоо-кен, энергетика жана башка өндүрүштөр дагы албетте өнүгүүсү керек, ал талашсыз. Бирок, биздин элибизди алдыга арыш таштатып, өнүгүүгө өбөлгө боло турган багыт, бул — кайра иштетүү менен туризм экени шексиз!

— Айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүнү, жеңил өнөр жайды, башка өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө болот, ал үчүн шарттарды мыйзамдаштырып, инвестициялардын агымын түзүү керек. А мына бу туризм багытын кандай кылуу керек? Бул тикелей инвестицияга эле көз каранды эмес, бизде жайкы сезон кыска, болгону толук эмес үч ай, актатыш үчүн жок дегенде беш айлык мөөнөт керек дешет го? Өткөндө Улуттук Банктын төрагасы “жеңил наркотик болуп эсептелген Ысык-Көлдүн кара куурайын (конопля) легалдаштырып, анашаны чеккендерди кылмыш жообуна тартууну токтотуу керек” деген пикирди айтып төө бастыга кабылды. Ушу маселе боюнча кандай пикирдесиз?

— Бизде азыр жайкы Ысык-Көлгө келип эс алуудан тышкары тоо туризми, аңчылык багыттары да өнүгө баштады. Ал эми марихуана, кара куурай, анаша, гашиш ж.б. аттар менен белгилүү болгон бул жеңил дүүлуктүрмө касиети бар наркотикалык затты адамзат атамзамандан бери колдонуп келе жатат. Убагында Аскар Акаев: — “Апийим айдайбыз, айдасак элибиз бардарчылыкка тез жетет” деп дүйнөнү дүрбөлөңгө салганы эсиниздерде чыгаар. Ошондой да болгон. Эстесең. Ал эми опиум чындыгында оор наркотик, залалы күчтүү. Афгандын апийиминен жабыркап аткан адамзат буга катуу кападар болот. Жол бербегенге тырышат! Ал эми кара-куурай (анаша) башка кеп. Анын дарычылык касиеттери далилденген. Арак сыяктуу боор менен бөйрөктү талкалабайт. Опиумдун өнүмү болгон, героин, кокаин, синтетикалык наркотиктер сыяктуу “зависимостко” кептеп, “ломкаларга” туштуктурбайт. Жергиликтүү эл айлап-жылдап, бозо, пиво, кымыз сыяктуу эле колдонуп келе жатканы бештен белгилүү. Аны баарыбыз, чоңдор да, эл да көрүп турат. Бул жөн эле “менттерге” кошумча киреше болуп, миндеген бейкүнөө адамдардын түрмөгө камалуусуна, кылмыш дүйнөсүн жаңы кадрлар менен толукталуусуна шарт түзүп келе жатат десек жаңылышпайбыз.

Американын бир топ штаттары, Канада, Нидерланды ж.б. жинди болуп калганынан бул жеңил наркотиктерди декриминализация кылып, уруксат берип жаткан жери жок. Алар изилдеп, көрүп, анча зыяны жок экенине көздөрү жеткен үчүн уруксат берип жатышат да. Же эмне аларды келесоо дегиң келип турабы? Мына Дарига Назарбаева дагы Жамбыл облусунун Чу районундагы атагы таш жарган анашанын ордосу Аспара плантациясында конопляны кайра иштете турган фармацептикалык 5 заводду куруп бүтүп, экөө ишке киришип калды. Анан алардан эмнебиз кем? Советтик кылмыш кодексин өзгөртүп, кара-куурайды адегенде Ысык-Көлдө, пансионаттарда, атайын белгиленген жайларда сатууга, чегүүгө уруксаат берүү керек. Чегип алып коомдук жайларга, көчөгө чыкса айып пул салып, же үч, беш күн камалып, коомдук жумуштарга тартуу шартын административдик кодекске киргизип коюу керек. Ал жерлерге кумар оюндарын, казинолорду да ачуу керек. Мына ошондо көрөсүңөр, жайы-кышы дебей туристер толуп, инвестиция агыла баштайт. Элдин баары наркоман болуп кетип, генефондго доо кетет деген болбогон кеп. Чущь! Советтик догма түшүнүктөр келгенге чейинки эл миңдеген жылдары колдонуп жок болуп кетпей өнүгүп келгенин тарых далилдеп турбайбы. Же жалганбы?

— Ысык-Көлдөн, Чолпон-Атадан, Кырчын жайлоосунан келгениңиз байкалып турат. Эми Көчмөндөр оюнунан бир шиңгил таштаңыз. Кандай болду, быйылкы оюн?

— Жакшы, жакшы… Үч жолу катары менен өткөрүүнүн тажырыйбасы жакшы жыйынтык алып келди десек болот. Ачылыштын сценарийи, режиссурасы өтө бийик денгээлде жасалган. Эч кандай ашык-кеми жок. Элибиздин калыптануусунан ушу күнгө чейинки басып өткөн жолун чагылдыруу идеясы көркөмдүк жагынган өтө жогорку деңгээлде берилип, кыска мөөнөттүн ичинде элге жөнөкөй, түшүнүктүү кылып баткырылганы чоң жетишкендик деп айтаар элем. “Кызыл ашыгынан жипке байланып алып, жардан ылдый башы менен тик ылдый секириптир, андан башка колунан эмне келмек эле” деп Алтынбек Максүтовду жамандаган кыкендердин оозу жап эле болду. Алтынбек окендер айтмакчы, “на этот раз, превзошёл себя”. Мыкты уюштуруптур. Азамат! Иш чараны идеалык жагынан күчтөндүрүп, текстерди тыкыс тескеген белгилүү драматург Султан Раевдин аргументтери да ачык байкалып, эл ыраазы болуп турат. Башында айттым го, бул эми тажырыйбанын үзүрү. Бирок, мына эми, жаныдан такшала баштаганда Түркияга берип атабыз кезекти. Бир жагынан жалко, конечно…

— Жалко дейсиз да, Көчмөндөр дүйнөсүнүн эч бир мамлекети албай, ушуга чейин беймаза болуп, “бюджетте акча жок, ысырапкорчулуктун эмне кереги бар, өткөрбөй эле койуш керек” деп чыйпылыктап жатканыбызды унуттуңузбу?

— Көчмөндөр цивилизациясынын жалпы адамзаттын өсүп-өнүгүүгө, карым катнашты күчөтүүгө кошкон салымы баа жеткис экени талашсыз. “Жакшынын айтканы келбейт, жамандын сандырактаганы келет” демекчи Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык, өйдө-ылдый, ар кылка көп иштеринин ичинен, азгына мыкты ишинин бири ушу көчмөндөр маданиятын даназалоо идеясы болгону талашсыз. Тилекке каршы, ойкуп-кайкыган кыял жоругунун аркасында бул улуу идеяны өрчүтө албай, кучунашы кармап Түрк дүйнөсүнүн дөө-шааларынын кыжырына тийип, жалпы ишке кедергисин тийгизгени да жалган эмес. Адамдык фактордун таарыхка болгон таасири тууралуу айтылгандар кайтадан далилденүүдө. Болбосо элдин элге болгон мамилеси ар дайым жакшы. Башчылар гана бузат да, “погоданы”. Ато, мына карагыла, бизде хан алмашты эле эмне болду – баары кучагын жайып келип жатышпайбы. Көчмөндөр цивилизациясынын руху көөнөргүс руханий баалулук экенин баары таанып, таазим этип жатышат!

Кыргыз эли да — жокчулук, бюджеттик тартыштык дегенди бетке кармап, кутула жаздап, “Көчмөндөр оюндарын” башкаларга өткөрүүгө жанталашканыбызды кантип жашырабыз? Көпчүлүгүбүз ушу кепке аралашып калдык го? А кеп чынында, мен бүгүн жашылданып турам – оюндун бизден кетип жатканына… Бизде гана өтө турган, пайдалуу иш-чарага айланта албадык. Каннский фестиваль, Сопот, арктикадагы ит жарыш ж.б. сыяктуу, абдан пайдалуу жергиликтүү брендге айлантканда кандай сонун болуп, сентябрь айынын башындагы туристердин агымы түзүлөт эле да. Бирок эми мейли… Ич тардык кылайын деген ниетим жок. Ылайым ушу Көчмөндөр оюну алгалап, көчмөн элдер арасында  олимпиада, дүйнөлүк чемпионаттардай өнүгүп, көчмөндөр руху жайыла берсин.

— Көл кылаасына өлкөбүздүн баардык булуң-бурчунан эл жыйылды. Эл эмне деп атат? Маанайы кандай? Жаңы бийлик тууралу эл ичинден эмне кеп?

— “Эл оозунда элек жок”, “Калк айтса калп айтпайт” деген макалдар бар эмеспи. Анын сынарындай, коомдук пикир менен эсептешип, журналистика тармагында жүргөн кесипкөй катары, албетте эл менен баарлашып, алардын ой-пикирин тындап келдим. Негизинен элдин маанайы, сырткы боордош элдердин бизге болгон мамилеси жаман эмес. Түрк ааламынын аксакалы Нурсултан Назарбаевдин, дүйнөлүк эки тараптык тирешүүнүн НАТО тарабындагы күчтүү Түрк республикасынын президенти Реджеп Тайып Эрдогандын, Алтайдан тарап Европага жетип Венгрия деген мамлекет курган Хунн боордоштордун өкмөт башчысынын ж.б. түрк тилдүү мамлекеттердин жетекчилеринин баарынын жыйылганы буга далил. Эл ичинде ички-тышкы саясат тууралуу кеңири көп сөз болуп, жалпы жонунан позитивдүү маанайдагы кеп жүрүп жатат. Анын баарын айта берсең көп сөз. Мен ток этерин — азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбековго болгон мамилесин гана айтайын. Сооронбай Шарипович тууралуу талкуу анын ат майдандагы, ачылыш аземиндеги сүйлөгөн созүнөн кийин кызуу талкууланып, экинин биринин кеби болду. Акаевдей болуп, “Швейцария кылам” деп лапшаны илип чыйылдаганы жок, Бакиевдей болуп ортого чыгып — “Анжиян полькасын бийлеп кетпеди”, Атамбаевдей болуп куудулданып, ар-нерсе, бир нерсени сүйлөп, Карамзинди кыргыз кылып, Манасты этникалык орусиялык кылып тантырабаганын айтып жатышат. Эркекче жоон, көкөйдөгү Манастын коңур үнүндөй үнү менен ишенимдүү, өктөм сүйлөгөнү кыргыз элине кадимкидей дем берип, “Кудайга шүгүр уучубуз кур эмес экен, эл ишене турган эл башы бар экен, жарак экен, көнүп баштаптыр, адилет болот, кыргызды кор кылбайт!” деген ишенимдерин ачык айтып, алкап жатканына күбө болдум.

Ичимден мен да элибиздин тилегин кабыл кылап көр деп жараткандан сурандым! Чын да эй иним, качанкыга чейин эле биздин президенттерибиз ит боло бериши керек! Акыры бир бактылуу өмүр сүрүп өткөн президент да кириши керек да тарыхка, ыя, туурабы?

Же эмне кыргыздар бакытка татыктуу эл болуудан калганбызбы? Эми, “президентибиз бактылуу болмоюнча биз – жалпы эл кантип бактылуу боло алабыз?” деген кеп да. Андыктан, бакыт, адилеттүү ток заман каалайлычы –бири бирибизге.

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: