Азыр көптөгөн депутаттар катуу кысымга алынгандыктан, коркуп жатышат. Бул тууралуу депутат (КСДП) Анвар Артыков журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, бир катар депутаттар чалып, импичментти колдошту, алар кол коюуга даяр болчу, бирок алар келишкен жок, ар кимдин өз жүйөөсү бар.
“Депутаттарды коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат”, – деди ал.
«Ошого карабастан, кечинде биз импичментти баштоо керек деп макулдаштык. 32 “жандуу” (ишеним каттын кереги жок) депутат болгон. Импичмент жарыяланган соң кворум чогулушу керек », – деди ал.
А.Артыков жол-жобо үч этаптан өтүшү керек деп түшүндүрдү: 1) кворум чогулушу керек, 2) прокуратура корутунду бериши керек, 3) 60 адам импичмент жөнүндө чечим кабыл алышы керек. “Биз эми башка депутаттар жооп береби деп кайрылдык” деди ал.
Артыков кворум чогулаар замат басма сөз жана коомчулуктун өкүлдөрү катышкан жыйын өтөрүн айтты. Кворум жок болгондуктан, басма сөз кызматын чакыруунун кажети жок болчу, деп түшүндүрдү ал.
«Азыр Ак үй жараксыз, бардыгы ошол жерде талкаланып, урандыга айланган. Кворум болгондо, ачык сессия өткөрүүнү сунуштайбыз. Аны Өкмөт үйүндө же Мамлекеттик резиденцияда өткөрүү керек», – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ