Menu

Жогорку Кеӊеште Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү – Комиссиянын курамы

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында Кытай Эл Республикасынын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө маселе күн тартибине киргизилип, колдоого алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, түзүлгөн комиссиянын курамына ар бир фракциядан депуттар кирди:

КСДП фракциясынан Ө.Бакиров, С.Жураев, А.Карашев, И.Матраимов;

“Республика – Ата Журт” фракциясынан М.Жээнчороев, З.Шарапов, Т.Мамытов;

«Кыргызстан» фракциясынан Д.Төлөнов, А.Эргешов;

“Өнүгүү” фракциясынан Т.Шайназаров;

“Бир Бол” фракциясынан А.Суйлайманов;

“Ата Мекен” фракциясынан А.Шыкмаматов.

Эске салсак, бүгүн, 21-ноябрда “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Түркияда атып өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча кандайдыр бир саясий оюндар башталганын, азыр анын өлүмүн башка жакка буруу, коомчулуктун арасында башкача пикир жаратуу аракеттери жүрүп жаткандыгын айтып чыккан. Ошону менен катар А.Сулайманов депутаттык комиссия түзүп, анын өлүмүнүн чыныгы себептерин жана ага кимдердин тиешеси бар экенине иликтөө жүрүгүзүлүп, кандайдыр бир жыйынтык чыгарылышы керектигин сунуштаган. Мындай демилгени депутаттар Жанар Акаев менен Төрөбай Зулпукаров да колдогон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: