Menu

Талас облусунда аялдардын арасында экстремизм менен радикализмди алдын алуу боюнча семинар-тренинги өттү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 26-июлунан 28-июлуна чейин Талас ОИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясына жана милициянын аймактык ыйгарым кызматкерлеринин кесиптик сапатын жогорулатуу үчүн БУУнун баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жардамы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин 10-башкы башкармалыгы диний-экстремисттик көрүнүштөрдү алдын алуу максатында семинар-тренинг өтүштү. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Талас ОИИБнын сыртта иштөө кызматтарын окутуу үчүн тренингке Кыргыз Республикасынын ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын теология, дин тануу, жаңжалдын келип чыгуусун изилдөө, коопсуздук, кибер коркунуч чөйрөсүндө иштеген эксперттер катышты.

Семинардын программасына диндин, конвессиянын, мамлекеттик-диний мамиленин тарыхы, диний булактардын белгилери жана өзгөчөлүктөрү, укук коргоо органдарынын диний уюмдар менен башчыларынын ортосундагы мамилесинде жаралган суроолор, элдин арасында диний радикализмди алдын алуудагы практикалык жана теориялык негиздер, диний-психологиялык, дин тануу, теологиялык экспертизаны өткөрүү боюнча сабактар кирди.

Семинардын жүрүшүндө интернет-мейкиндикте экстремизге каршы туруу, аялдар жана жаштар арасындагы экстремизмди алдын алуу лекциялары уюштурулду. Андан сырткары, Талас облусунун мечиттеринин молдолору менен медреселердин директорлоруна радикализм менен экстремизмди алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Үстүбүстөгү жылдын 28-июлунда Талас шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМдин 10-башкы башкармалыгы БУУнун баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте Бей өкмөт уюмдардын, коомдук фондтордун, казыяттын өкүлдөрү, Талас ОИИБдин кызматкерлери ортосунда жолугушулар болду. Бул жолугушууда жаңжалдын келип чыгышы, аялдар жана кыздардын арасында радикализмди алдын алуу боюнча суроолор козголду. Тараптар аялдардын диний уюмдары менен тыгыз иштөөгө жана диний багытта билим берүүчү иш-чараларды өткөрүүдө специалисттерди тартынуу сунушташты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: