Бүгүн, 22-июнда Жогорку сотто Бишкек ЖЭБи боюнча С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкуловго карата кылмыш иши боюнча акыркы соттук отурум болуп өттү. Отурум судья Жаңыл Мамбеталынын төрайымдыгы алдында өттү.
Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени ачыкталып, эксперттердин тыянагы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана аны ишке ашырууда мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгени аныкталып, бир топ адамга кылмыш иши козголгон.
2019-жылы 6-декабрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин боюнча соттук отурум болуп, сот экс-премьер-министр Сапар Исаков «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев экөө 15 жылга, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратты. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып пул салынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ