Кечээ, 3-ноябрда Ак үйдү оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу журналисттерге парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери экинчи күнү жүрүп жатат жана биринчи кезекте сынган же жарактан чыккан эшик-терезелерди алмаштырууда.
“70ке жакын депутат иш бөлмөлөрүн гана эмес, коридорлорун дагы оңдоп-түзөөгө каражат жагынан жардам берип жатышат”, – деп билдирди басма сөз кызматы.
Ошол эле учурда, келтирилген зыяндын так суммасы эсептелген эмес. Буга чейин Ак үйдү оңдоо иштерине президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун экс-кеңешчиси Акылбек Жапаров 450 миллион сом кетет деп айткан. Бул сөздөрдү четке кагып, Садыр Жапаров оңдоо иштерине 10 миллион сом кетет деген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ