Бүгүн, 27-декабрда БШК “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин ордуна жаңы депутатты бекитти жана “Ата Мекенден” депутат болуудан баш тарткан төрт талапкердин арызын канааттандырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, мыйзам боюнча, мандат тизмеде турган кийинки кишиге берилет. ЖК депутаты болууга аталган партиянын алдыңкы тизмесинде тургандар: Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов, Болот Шер депутат болуудан баш тартып коюшкан. Ошондон улам, кийинки тизмеде турган Нурбек Сыдыгалиевге мандат тапшырылган.
Эске сала кетсек, Алманбет Шыкмаматов бүгүн партиянын курамынан чыгып, мандатын тапшырган. Анын ордуна депутат болуп Нурбек Сыдыгалиев келген. “Ата Мекен” фракциясы жабык эшик артында жыйын өткөрүп, фракциянын жаңы лидерин – Айсулуу Мамашованы шайлашты. Ошондой эле Болот Шер менен кошо үч адам партиянын тизмесинен чыккан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ