Бүгүн, 26-июлдун таңында Ош шаарынын Абсамат Масалиев көчөсүндөгү “Ак тилек” мейманканасынын жатак бөлмөсүнөн 30 жаштардагы бычакталып өлтүрүлгөн аялдын жансыз денеси табылган. Бул тууралу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Чакырылган милиция ыкчам-иликтөө иш чараларын өткөрүп, бул кылмышка шектүү 23 жаштагы Өзбекстандын жаранын качып бараткан жеринен, кыргыз-өзбек чек арасынын Кадамжай өткөрмө бекетинен кармашып келген. Алгачкы суракта эле шектүү жаран аялды бычактаганын мойнуна алган. Азыр тергөө иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ