2019-жылы ажылык сапарына баруучу жарандарды каттоо биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кырызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка караганда, Муфтият 2019-жылдагы ажылык иштерге даярдыктарды көрө баштады.
«Ажылык иштерин электрондоштуруу максатында, биометрикалык паспорт колдонуу замандын талабы. Мындан улам, келе жаткан жылдан тарта ажылык сапарга бара жаткан жарандарды биометрикалык паспорт алууга чакырабыз», -деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ