Menu

Өзбекстанда жеке ишке орноштуруу агенттиктери жабылууда

Бөлүшүү:

Өзбекстанда ишке орноштуруу агенттиктерине өлкө сыртында жумуш издеген жарандардан акы алууга тыюу салынгандан кийин айрымдары жабыла баштады. Бул тууралуу Тышкы миграция боюнча агенттиктин башчысы Мухаммадзокир Маматханов билдирди.

Анын айтымында, бир нече агенттик лицензиясын жокко чыгаруу өтүнүчү менен арыз жазды.

Өзбекстанда 14-ноябрда «Жеке ишке орноштуруу агенттиктери тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирген.

Ага ылайык, мындан ары агенттиктердин кызмат көрсөтүү акысын Өзбекстандын сыртында иш издеген жарандар эмес, алардын жумуш берүүчүлөрү төлөйт. Алар жарандардан кеңеш жана маалымат берүү кызматы үчүн гана акы алса болот. Анын суммасы бир базалык эсептик көрсөткүчтөн (223 миң сум же 20 доллар) ашпашы керек.

Мындан тышкары жеке агенттиктер лицензия алуу үчүн Чет өлкөдө иштеген жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо фондуна 8 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (50 миң доллар) каражат резервге салууга милдеттүү. Ошол эле маалда агенттик менен түзүлгөн ар бир келишимдин көчүрмөсү Эмгек министрлигинин маалыматтар базасына киргизилиши зарыл.

Өзбекстандын Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата жеке ишке орноштуруу агенттиктери 9,3 миңден ашык жаранды 80 миллиард сумга (7,7 миллион доллар) алдап кетишкен. Укук коргоо органдары тарабынан 11 агенттиктин 51 жетекчисине жана жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: