Menu

«Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү  тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 7декабрында  кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты  –  мыйзамдын артыкчылыгын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши чечим кабыл алууда уюштуруу маселелерин ыкчам  чечүү, ошондой эле  чечимдерди кабыл алуу тартибин өркүндөтүү.

Мыйзамда Коопсуздук кеңешинин тар курамына Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун  жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисин киргизүү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: