Menu

Тажик бажычылары баптисттердин 5 миң жылнаамасын өрттөдү

Бөлүшүү:

Тажикстандын Бажы кызматы өлкөдөгү христиан коомдук уюмдарынын биринин буйрутмасы менен алынып келинген 5 миң жылнаама өрттөлгөнүн ырастады.

Мекеменин маалыматына караганда, жылнаамалар Душанбе аэропортунда былтыр 18-декабрда алынган.

13-февралда Тажикстанда каттоодон өткөн «Евангелий христиан-баптисттери» деп аталган христиан уюмунун өкүлдөрү бийлик алар алып келген жылнаамаларды мыйзамсыз алып, өрттөгөнүн билдиришти. Алардын айтымында, жылнаамаларда Евангелийдеги ырлар жазылгандыктан алынган. Бул үчүн уюмга 4 миң сомони (420 доллар) өлчөмүндө айыппул салынган. Уюмдун өкүлдөрү билдиргендей, тажик бийлиги алынып келинген жылнаамалардын саны чиркөөгө келген адамдардын санынан көп экенин айтышкан.

Бирок Бажы кызматынын өкүлү Рахмонали Рахимзода бул билдирүүлөрдү четке кагып, өлкөнүн Маданият министрлигинин корутундусу боюнча конфискацияланган жылнаамаларда жат диний агымдын пропагандасы болгонун билдирди.

«Маданият министрлигинин экспертизасынан кийин жылнаамаларда бөтөн ишенимдин пропагандасынын белгилери табылган. Бул диний агымга эркин кире берсе болот, бирок Маданият министрлигинин атайын уруксаты жок өлкөгө диний адабияттарды алып кирүүгө тыюу салынат», — деди ал.

Жакында Тажикстандын Бажы кызматынын төрагасы Хуршед Каримзода алар өлкөгө пропагандалык мазмундагы диний адабияттарды алып кирүүгө жол бербей тургандыктарын айткан. Бирок өлкөнүн учурдагы мыйзамында мындай чаралар каралган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: