Бишкек шаарынын мери Албек Ибраимовдун кышка даяр эместиги күйгүздү баарыбызды. Көлөмү чоң болгону менен бир боорондук алы жок экен.
Бир кар жаады эле аны да тазалай албай маңкасы акты. Көчөнүн кары тазаланбай,унаалардын тыгыны пайда болуп, тоңгон муздар айдоочулардын айласын кетирди.
Жаңы жылдан кийин Албекти Сапар Исаковдун ордуна Өкмөт башчы болуп барат деп укканбыз.
Алакандай Бишкектин карын тазалай албай жатып, кайсы арына премьер министр болот кокуй.
Ооба, уюштургуч жөндөмдүүлөгүндө сөз жок. Шаан-шөкөттү мыкты уюштурат экен. Бирок кашайып ишке келгенде илең-салаң болуп калганы жаман экен. Алдар-көсөөдөй болуп.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ