Menu

Бабановго «саясаттан кеттим» деп текстти жарыялашын шарт кылган Атамбаев өзүбү?

Бөлүшүү:

Өмүрбек Бабановдун элдин арасындагы рейтинги күндөн-күнгө жогорулап баратканы жашыруун маалымат эмес. Шайлоодон кийин ага кылмыш иш козготуп, Бабановдун ондогон жактоочуларын «каматам, жок кылам» деген шантажына, «саясаттан кеттим» деп текстти жарыялашын шарт кылган Атамбаев азыр өзү оор абалда турат. Бирок Атамбаевдин ушакчылары айткандай, ал эч качан, эч бир шартта аны колдоп, кошулууга ниети жок экенин билишибиз керек. Мекенден чыгып баратканда, Бабанов жаңы президент Жээнбековго салам айттырып, ага ийгилик каалап, эски президент кыстап, Жолдубаева менен Сегизбаевдер анын артынан түшкөнүн айттырса, Ак үйдөгүлөр ага «бир жыл мекенден чыга тур» деп айткан имиш. Жайында Бабановдун кампаниясын колдойм деп камалган Канат Исаев бошотулуп, өткөн жумада Жогорку Кеңештин жыйынына келип катышты. Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков Бабановдун уулу Нурэмирге дагы жылуу мамилесин, мээримин жалпы элге көрсөтүп, Бабановдор менен эч кандай чатагы жок экенин жашырган жок. Буюрса, ошол Жээнбеков өзү койгон мөөнөт аяктагыча чейин унчукпай турган Өмүрбек Бабанов дагы жакынкы араларда мекенине кайтып, экономикага жүз миллиондогон инвестицияларды тартып, Кыргызстандын гүлдөшүнө, элдин ынтымагын бекемдөөгө салымын салат деп үмүт этип туралы. Аны саясаттан кетүүгө мажбурлаган Атамбаев, катарыма кошом деп үмүт артпаса деле болот.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: