Бүгүн, 17-апрелде КР Президенти Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековдон сот аркылуу утуп алган 5 млн сом доосунан баш тарткандыгы белгилүү болду. Бул тууралу КР Сот аткаруучулар кызматы билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Сот аткаруучулар кызматына расмий кат жазып, жоопкер Кабай Карабеков төлөп берүүгө милдеттүү болгон моралдык компенсациядан баш тарта тургандыгын билдирген.
Ошондой эле журналист Кабай Карабековго чет өлкөгө чыгууга сот тарабынан салынган тыюу да алынып салынды.
Эсиңиздерге сала кетсек, былтыр, 2017-жылы сентябрда журналист Кабай Карабеков 24.kg сайтына президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков тууралу негативдүү макала жарыялаган. Жээнбеков сайт менен журналистти сотко берип утуп алган. Буга чейин президент 24.kg сайтына болгон материалдык доосунан да баш тарткан. Ал эми соттун чечими менен журналист Кабай Карабеков төлөп берүүгө милдеттүү болгон 5 млн сомдон президент бүгүн расмий баш тартты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ