UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Дагестан Республикасынын башчысы Владимир Васильевдин жардамчысы болуп дайындалышы мүмкүн. Бул тууралуу “Эхо Кавказа” маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, өлкө башчысынын жардамчысы болуу сунушун Нурмагомедовго Васильев өзү сунуштаган. Аталган маалыматты мушкер ырастап, бул суроо кийинки жолугушууда талкууланарын билдирген.
“Бул маселе жакында боло турчу жоолугушууда талкууланат,”- деп айткан ал.
Ошондой эле Хабиб Нурмагомедов өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы – “Дагестан Республикасынын алдында сиңирген эмгеги үчүн ордени” менен сыйланганы айтылууда. Ал эми мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедов “Дагестан Республикасынын дене тарбия жана спорт тармагында эмгек сиңиргендиги үчүн ордени” менен сыйланган.
Эске салсак, Нурмагомедов өзүнүн спорттук карьерасында бир дагы мелдешинде утулган эмес, ал эми үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында мушкер Ирландиялык Конор Макгрегор менен ат салышып, аны дагы жеңип алган.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ