Германиянын Зиген шаарында качкындарды мазактаган кызматкерлерге карата соттук териштируулөр башталды.
Маалыматтарга караганда, Бурбах шаарында жайгашкан качкындар жашаган жатакананы жетектеген European Homecare компаниясынын 30 коопсуздук жана тейлөө кызматкерлерине качкындарга карата кылган жеке буюмдарын уурдоо, денеге залал келтирүү, психологиялык басынтуу, мажбурлоо жана мыйзамсыз эркинен ажыратуу үчүн айыптар тагылган.
Соттор 2013-жылдын аягынан баштап 2014-жылдын сентябрына чейинки убакытта катталган 54 фактыны карашат.
ММК булактары билдиргендей, жатакананын ички тартибин бузган качкындарды “атайын бөлмөлөргө камашчы, кээ бир учурларда бул бир нече күнгө созулчу, аларды мазактап, кээде ур-токмокко алышчы” деген маалыматтар тараган.
Чыр-чатак 2014-жылы жанган. Бурбахтын кызматкерлери айыпталып жаткан кылмыштар тасмага тартылып калган. Алардын биринде кызматкерлер жаш баланы кусунду болгон матраска жатууга мажбурлап жатканын көрүүгө болот. Жабырлануучулардын фонунда камерага түшүп жаткан кызматкерлердин видеосу интернетке кеңири тарап, Германияда нааразычылык жараткан.
https://youtu.be/ywSFLbIWEVk
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ