Menu

Гонконгдо 50дөй демократиячыл активист кармалды

Бөлүшүү:

6-январда Гонконгдун полициясы 50гө жакын демократ активистти кармады. Алар жергиликтүү бийликти “төңкөрүү аракетине” шектелип жатканын жана мындай кутумчул кадамдар кабыл алынгыс экенин Гонконгдун коопсуздук катчысы Жон Ли билдирди.

Былтыр күчүнө кирген Гонконгдун коопсуздугу боюнча мыйзамдын алкагында ондогон демократиячыл активисттердин камалышын Эл аралык мунапыс уюму кескин сынга алды. Уюм муну менен Гонконг бийлиги оппозициянын демин басууга аракет кылып жатат деп эсептейт.

Бийликтин эсебинде кармалган активисттер былтыр өткөн оппозициялык партиянын ички праймеризи маалында “кутумчул аракеттерди” ишке ашырууну көздөшкөн.

Гонконгдо парламенттик шайлоо былтыр сентябрда өтмөк. Бирок өкмөт коронавирус пандемиясына шылтоолоп шайлоону бир жыл кийинкиге жылдырган.

Британиянын колониясы болуп келген Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөн. Бээжин Гонконгду «бир өлкө, эки система» формуласына ылайык башкарууга, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берүүгө убада берген.

Былтыр Гонконгдун улуттук коопсуздугуна байланыштуу жаңы мыйзам кабыл алынган. Бул Гонконгдо эркиндикти жана укуктарды чектөө катары кабыл алынып, нааразылык жараткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: