Menu

Алмазбек Эргешов, депутат: Айлыктарын көтөрмөйүнчө кадр маселесин чечүү кыйын

Бөлүшүү:

– Алмазбек Манасбекович, комитеттен айыл жерлеринде медициналык кадрлар жетишпейт деп айтканыңызды угуп калдык. Кайсы райондордо экенин айта аласызбы?

– Мисалы, биз Ат-Башы районуна бардык. Райондун борборлоштурулган ооруканасында 25 (!) врач жетишсиз экен. Ал эми Ноокат районуна барсак, ал жерде «элүүдөй врач жетишпейт. Быйыл окууну жаңы бүткөн медиктерден болгону төрттөө келди» деп айтышты. Бул көйгөй бүгүнкү күндө бардык райондордо бар. Эгер мурда врачтар жетпей жаткан болсо, бүгүнкү күндө медайым, фельдшерлер да жетишпейт. Алар окууну бүткөн соң айылга барып иштебестен, Ош, Бишкек сыяктуу чоң шаарларга, же Россияга мигрант болуп кетип калышууда. Бүгүн ФАПтарга иштегенге адам табылбай калып жатат. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Эртең укол сайганга адам табылбай калышы мүмкүн. Бүгүн негизинен пенсионерлер иштеп жатат. Бирок, беш-он жылдан кийин алар деле калбай калат.

– Азыр медиктердин айлыгы канча?

– Врачтардыкы орточо 7-10 миң. Ал эми медайымдардыкы 5-7 миң. Бул эмгек стажына, эмне кызмат кыларына байланыштуу. Ал эми жаңы бүтүп келгендердики 4-5 эле миң сом. Айлык акыларын көтөрмөйүнчө бул маселени чечүү кыйын. Кадрларды күчкө салып кармап кала албайбыз.

– Абалды оңдоо үчүн эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

– Окуу жайлары келишим түзүп, «врачы жок райондордон мынча кишини бюджетке алабыз, беш жыл иштеп бересиң» деп шарт койсо, менимче, барышат эле. Беш жылдан кийин ал айлыгы көбөйүп, же үйлүү-жайлуу болуп кетпей калышы мүмкүн. Эң негизгиси, системаны өзгөртүү керек. Чет өлкөлүк уюмдар бизди полигон кылып алышты. Бизге келип тажрыйба жүргүзүшөт. Советтер союзунан калган сонун системаны талкалашты. Бир райондо азыр төрт башкы врач бар. Райондук борборлоштурулган оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, стоматология менен санэпидстанция өзүнчө. Мурда баарын бир башкы врач жетектесе, азыркы күндө төрт башкы врач, төрт бухгалтер, төрт катчы, төрт айдоочу бар. Муну өзгөртпөсөк эч жакшылыкка алып келбейт. Албетте, жаңы нерсенй ойлоп табуу кыйын, бирок, Финляндия, Эстония сыяктуу алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап көрсө болот.

Максат Калыков

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: