Menu

Мурашев, кана картошка көтөрүлгөнү?

Бөлүшүү:

Быйыл картошканын баасы өткөн жылдагыга салыштырмалуу асман менен жердей. Андай экенин ошо картошканы айдаган дыйкандар жон териси менен сезишүүдө. Былтыр кымбат болгондон улам көпчүлүк картошка айдап салыптыр дейин десең өткөн жылдагыдай эле 83-84 гектардын айланасында эгилиптир. Былтыр болсо картошканын кымбат болгонунун себеби, Сапар Исаковдун өкмөтү Өзбекстан менен соода-сатык келишимин түзгөндө кошуналарга 500 тонна картошка алуу милдеттүү келишимге кирген. А быйыл болсо Өзбекстан тарап баш тартып олтурат. Айылда болсо картошканын баасы төмөн, киллограмын 5 сомдон да сата албай жаткандары айтылууда, мисалы Кочкор районунда. Бир тобу жаңы үрөөндөрдү алуу үчүн банктардан насыя алышкан. Тигинтип картошканын баасы төмөн болгондуктан айрымдар түшүмүн казып алуу үчүн техника-шаймандарына акысын төлөөгө да шаймандары жок. Натыйжада жайды жайлатай төгүлгөн эмгек талаада калып жатат. Айыл чарба министирлиги болсо элдин ушундай чуру-чуусунан кийин гана ойгонуп, министр Мурашев «баа өсөт, кармай тургула, Өзбекстан менен келишимди кайрадан ириетке келтирдик» деп ишендирип кирди. Айткандын оозу жаман болбойлу, бирок социалдык нааразычылык, социалдык жарылуу дал ушундай чоңдорский кенебестиктен эле чыгат, жаралат…

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: