Menu

Адахандын кемеси

Бөлүшүү:

Азыркы тапта Ак үйдүн жетинчи кабатында отурган «кыйындар» үчүн өлкөнүн Түштүк электораты боюнча болгон маселеде Адахан Мадумаров алардын катуу баш оорутмасына айланып турган кез. Анан калса ал укуругу узундардын кадр тандоо жана башка ушул сыяктуу маанилүү маселелерде кетирип жаткан катачылыктарынан улам Мадумаровдун рейтинги эл арасында өзүнөн-өзү өсүп баратканы да чын. Саясий
шамалдын ыргагы да Мадумаровдун парусунун пайдасына согуп, саясий күчтөрдүн арасында да убакыт анын кадыр-баркынын пайдасына иштеп жаткандай. Ал тургай кезинде бири-бирине сөөмөй кезешкен Өмүрбек Текебаев да Батыш лексиконундагы терминдер менен «Мадумаров кыргыз саясий ландшафтында калдайган фигура» деп аны мактап, Жээнбековду болсо «анжиян ыкмасы» менен ал кишинин башкаруу «системасын» бир колу менен жумшак сылагандай болгону менен, бир колу менен чаап кетип, өзөгүндө
Адахандын аргымагына учкашуу аракетин ачык эле жасап жатат. Ал эле эмес абактагы андан башка дагы айрым саясатчылар да Мадумаровдун туусунун алдында биригүүгө болгон пикирлерин билдиришүүдө. Мындайда гүлдүн таттуу ширесин терген аарыдай сөздүн гүлүн терип айта билген Адахан Кимсанбаевичке айтаарыбыз, «буттан чалынган турат, тилден жаңылган турбайт» дегендей, өзүнөн-өзү пайда болуп жаткан аны коштогон ийгиликтерде тилин ашыкча эле агыта бербей, сүйлөгөн сөзүнө да катуу контроль кылса
деген эле тилек. Дегенибиз, өткөндөгүдөй 2010-жылдагы апрель каармандарын ашепке «салыштырып» ийиген же Бакиевдин доорунда Соң-Көлдө өткөн тойдо «бирдемелерди» сүйлөп салгандай сөздөрдөн алыс болсо деген ой. Анан да бир айтаарыбыз, көп учурда, айрыкча акыркы учурда минтип анын саясий рейтинги өсүп бараткан маалда ошого эрдемсий түшкөндөгүсүбү, Адахан мырза «Я!!!», «Я!!!» (мен, мен!) деген маанайдагы ойлордун да көп жерлерде, ММКларда да айтып жиберчү болду. Ушул жагы бир аз
ыңгайсыз көрүнөт экен. Орустар айтат го, «я -это последняя буквы алфавита» деп…

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: