Баткен облусунда коюу тумандан улам, эки машина сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Алардын маалыматына таянсак, жол кырсыгы 6-декабрда Ош-Исфана жолунда болгон. Анда “Мерседес-Бенц” машинасы менен “Хонда Фит” машинасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Лейлек районунун эки жараны каза болуп, дагы 4 адам жабыркаган. Териштирүү иштери жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ